www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иштери боюнча Жогорку Кеңеште Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен Башкы прокуратуранын маалыматын угуу колдоо таппай, күн тартибине кирген жок.

“Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаты Максат Сабиров кечээ, 12-декабрда ушундай эле сунуш берип эл өкүлдөрү аны колдогон. Бирок маселени кароого убакыт жетпей калган.

Сабиров Бабановдун ишин парламентте талкуулоого экс-президент Алмазбек Атамбаевдин акыркы билдирүүсү негиз болорун айтып жатат.

Алмазбек Атамбаев дүйшөмбү күнү “Апрель ТВ” телеканалындагы маегинде былтыркы президенттик шайлоодо утулуп калган Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иштери жабылышы керек экенин билдирген. Ал Бабанов шайлоо өнөктүгүнүн убагында улут аралык кастыкты козутууну көздөбөгөнүн кийинки кадамдары менен далилдегенин айтты.

"РАЖ" фракциясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов 2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоого катышып, учурдагы президент Сооронбай Жээнбековго утулуп калган.

Бабановду кармоонун негизи 4-ноябрда "анын шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет" деген негизде Башкы прокуратура иш козгоп, материалдарды УКМКга өткөрүп берген. Бабановго "бийликти басып алууга даярдык көрүү" деген айып менен да иш козголгону кабарланган.

Бул айыптоолорду четке каккан Бабанов өлкөдөн чыгып кетип, кийин депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан кеткенин жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости