www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2015-жылдын декабрь айынын аягында болжол менен түнкү маалда Кочкор районунун айылдарынын биринен белгисиз адамдар бейбаштык кылышып, 36 жаштагы жергиликтүү тургундун денесине оор залал келтиришип, атайылап сабашкан.Кылмышкерлер жабырлануучуну үйүнөн сыртка чакырышып, автоунаага салышып, адамдар жок жайга алып кетишкен. Белгилүү болгондой, жабырлануучуну айылдын жээгиндеги мүрзө тарапка алып барышып, шектүүлөр катуу ур-токмокко алышкан. Алар ар кандай жол менен кордошуп, денесине оор залал келтирип, темир буюм менен уруп буту-колун сындырышып, тиштерин аттиш менен суурушкан. Жабырлануучу алган көптөгөн жараттары менен аймактык медициналык мекемеге жаткырылган. Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын кызматкерлери топтошуп алып ур-токмокко алуу аркылуу саламаттыкка атайылап оор залал келтирүүгө шектелип мамлекет аралык издөөдө жүргөн Чүй облусунун тургунун кармашты. Аталган ишти иликтөөгө төрт жыл кетип дагы бир шектүү кармалды.
Бул факты боюнча Кочкор РИИБи 2016-жылдын январь айынын башында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесинин 2, 3- бөлүмдөрү боюнча кылмыш ишин козгошуп, кийин Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесинин 2,3-бөлүмдөрүнө (эски кодекс менен) которулган. Ички иштер органдары тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөнүн жүрүшүндө эки жаран кармалган: уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган Б.Т. жана Н.У.. Аталган факты Тергөө кызматы тарабынан ошол эле жылы өндүрүшкө алынган. Иликтөөнүн жүрүшүндө кармалган жарандарга карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренесинин 2-бөлүмү (Адамды уурдоо, алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан өмүргө жана саламаттыкка коркунуч келтирген зомбулук көрсөтүү менен курал же курал катарында пайдаланган нерселерди колдонуу аркылуу), андан сыткары 104-беренесинин 1- бөлүмүнүн, 2-бөлүмүнүн 3,4,5,10 пунктары (Бейбаштык максатта алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган кыйноого жана азап-тозокко салган ыкма менен саламаттыкка атайылап залал келтирүү) айыбы угузулган.
Булак: NazarNews.kg