www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чубактын кунундай чоюлган ТЭЦтин чыры али күнчө аягына чыкпай, күнөөлүлөр толук табылбай, эми минтип чырдын аягы жогорку кеңештин депутаттарына барып такалды.
ТЭЦ жарылды, аны эч ким тана албайт, бирок күнөөлүлөр ким экенин табуу, караңгы түндө жоголгон ийнени издегендей эле иш болуп жатат. Бир карасаң ошол кездеги өкмөт башчылары күнөөлү, бир карасаң электриктер күнөөлү, эми минтип депутаттарды күнөөлөп чыгышты эле, ошол кездеги төрага Асилбек Жээнбеков баш болуп, Кожобек Рыспаев төш болуп “Ушул кантип болсун, биз ТЭЦке басып барабасак, ал кантип иштейт билбесек, депутат болгонубуз үчүн күнөөлүбүзбү” деп айтса булардыкы да туура. Кыскасы ТЭЦтин чыры дагы көпкө уланчуудай болуп калды көрүнөт. Эми дагы кимдерди күнөөлөп, кимден күнөө табат болду экен, маселе мына ушунда.
Балким ТЭЦтеги чырдын аягын саламаттыкты сактоо министирине же билим берүү министринине алып барып такашпаса болу?-деп бери жакта карапайым эл өзүнчө санаага батып жаткан кез.
Бердикожо Бийназаров,
NazarNews.kg