www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вьетнамдын полициясы Англияда унаанын ичинде каза болгон 39 кишинин өлүмү боюнча 39 кишини камакка алды. Камалгандар каза болгон адамдарды мыйзамсыз ташууга күнөөлөнүп жатат. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка караганда, каза болгондордун көпчүлүгү Вьетнамдын жумушсуздук аябай күч алган Нгеан жана Хатинь провинцияларынан болушкан. Эске салсак, 23-октябрга караган түнү Англиянын Эссекс графтыгында, Лондондон 30 чакырым алыс жердеги Грейс шаарынын өнөр жай аймагында токтоп турган оор машиненин ичинен 39 адамдын денеси табылган. Анын 31и эркек (ичинде бир өспүрүм да бар), 8и аял. Англия полициясы 39 сөөктүн тек жайы аныкталганын, алар кытайлыктар экенин билдирген.

Болгариянын Тышкы иштер министрлиги 23-октябрда кечинде “Скания” үлгүсүндөгү бул унаа Варна шаарында катталган фирмага тиешелүү экендигин, бирок бул унаа Болгариядан 2 жыл мурун чыгып, кайра кайрылып барбаганын билдирген.

Мигранттардын өлүмүнө күнөөлөнүп 2 адам абакта отурат, кармалган дагы үч айыпталуучу ноябрь айына чейин залогго бошотулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости