www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Евгения Крапивина аттуу кыргызстандык жактоочу Фейсбуктагы жеке баракчасына ЛГБТларды же тактап айтканда, “көгүлтүрлөрдү”, лесбиянкаларды жана трансгендерлерди колдогон сүрөттөрүн жашырбай жүктөп келет.

Мейли демекпиз, себеби, буга окшогондор толтура эмеспи. Бирок, таң калычтуусу, аталган айым ислам динин тутунгандай кийинип жүрөт, бардык сүрөттөрүндө анын хиджабчан көрүүгө болот. Билишибизче, гомосексуализм исламда күнөө деп саналып, ага таптакыр тыюу салынган.

Мындан улам, NazarNews маалымат агенттиги Евгения Крапивинага байланышып, эмне үчүн мындай экендигин сурап көрдү. Биздин “жоолук салынып жүрөсүз, бирок ошол эле маалда ЛГБТларды колдоп жатасыз” дегенибизге, ал “адам укугун коргоп жатам” деп жооп берди. Бирок, биздин “намаз да окуйсузбу” деген сурообуз жоопсуз калды жана ал ушуну менен маекке чекит койду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости