www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

7-ноябрь Басма сөз күнүнө карата ПРЕЗИДЕНТ өлкөдөгү үлкөн редакторлор менен жолугушуп, пикир алышты. Бул да болсо Орто Азия жана Азия чөлкөмүндө Кыргызстанда сөз эркиндиги күчтүү экенинен кабар берет. Президент маалымат чөйрөсүнүн өкүлдөрүн чакырып, алардын оюн билип турганы жакшы көрүнүш.
Бирок, жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, редакторлор күнүмдүк жашоодо болуп жаткан, эл тажап бүткөн суроолорго ПРЕЗИДЕНТтен жооп алууга аракет кылышты. Так айтканда, жолугушуу чакан маалымат жыйындан айырмаланган жок. Анткени, "Райым миллион", Атамбаев, Кой-Таш, Асилбек Жээнбеков, Бишкек ЖЭБдин тегерегиндеги чекит коюлбай турган суроолор айтылды.

Жеке өзүмдүн пикирим боюнча, ПРЕЗИДЕНТ РЕДАКТОРЛОРду пикир алышууга чакырып жаткан соң, аягы жок маселелер көтөрүлбөшү керек эле. Жолугушууда ПРЕЗИДЕНТтен маалымат коопсуздугу боюнча планын угуп, кандай аракеттер жасалышы керек экени талкууланса жакшы болмок.

Кыргыз журналистикасынын абалын жакшыртуу үчүн атайын программа иштеп чыгуу демилге көтөрүлүшү зарыл болчу. Журналисттердин эркин, эч кимден коркпой иштөө коопсуздугун камсыз кылууну ПРЕЗИДЕНТтен талап кылыш керек эле.

2010-жылы болуп өткөн окуяларда маалымат саясатынан уттуруп, башкалар кыргыздарды дүйнө коомчулугуна өзбек улутундагы жарандарды геноцид кылган улут катары көрсөтүүгө аракет кылганы айтылышы керек болчу.

Журналисттер токолдун баласындай өгөйлөнбөш үчүн мамлекет тарабынан колдоого алынып, журналисттер шаарчасын куруу идеясын көтөрсө неге болбойт болчу? Саясий партиялар, саясатчылар парламентке келүү үчүн шайлоо системасына өздөрүнө ылайыктуу өзгөртүүлөрдү киргизүүгө аракет кылып жатышат. Журналисттер да шайлоодо таба турган өз "оокатын" өзгөлөргө тарттырып жибербөөнүн аракетин көрүп, шайлоо системасына өзгөртүү киргизилип жатканда, өз идеяларын сунуш кылса туура болмок.

Маселен, БШК үгүт иштерине катышам деген маалымат каражаттарын аккредитациядан өткөрүп, анын юридикалык документтерин талап кылат. Анткен менен саясий партиялар эч жерде катталбаган, юридикалык документи жок, БШКдан аккредитациядан өтпөгөн гезит-журналдарын чыгарып, журналисттердин "оокатын" жокко чыгарып келүүдө. Ушундай маалымат каражаттары үчүн шайлоо мезгилинде көйгөй жараткан тоскоолдуктарды мыйзамдык деңгээлде жоюу демилгелери айтылбады. ПРЕЗИДЕНТтин 2 жылда иштеген иши, Илмиянов, Атамбаев, Матраимовдор тууралуу суроолор жылдын аягында өтүүчү маалымат жыйында берилсе туура болмок.

Наралы Асанбаев, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости