www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

55 өлкөдө 60 күн визасыз жүрсөк болот

Жогорку Кеӊеште депутат Дастан Бекешев тарабынан демилгеленген Кыргызстандын бир катар чет өлкөлөр менен 60 күнгө чейин визасыз катташуу келишиминин мөөнөтүн узартууга багытталган «Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, анын концепциясын жактырды де билидирет Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы.

Демилгечинин айтымында, айрым өлкөлөр менен 60 күнгө чейин визасыз катташуу мөөнөтү 2020-жылдын 31-декабрында аяктайт, ошондон улам аларды азыртан узартуу зарыл. «Атайын кызматтар терроризм жана экстремизм коркунучтары сындуу коркунучтарды мисал тартып айтып, коопсуздук маселесин байма-бай эске салып келет. Бирок биз мыйзамдарды либералдаштыруудан коркпошубуз керек. Мындай келишимдер өлкөнүн экономикасын, анын ичинде туризм тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт», - деди ал.

Белгилей кетсек, бул маселе тармактык комитетте каралганда, Өкмөт мурда келишим түзүлгөн 45 өлкөнүн тизмесине дагы 10 мамлекетти кошуу, 60 күнгө чейин визасыз катташуу мөөнөтүн 2030-жылга чейин узартуу сунушун берген. Алар: Болгария, Кипр, Румыния, Черногория, Андорра, Бразилия, Сан-Марино, Чили, Аргентина, Оман. Демилгечи мындай сунушка макул болгон.

Ал эми УКМК менен ИИМ өкүлдөрү келишимдердин мөөнөтүн 2025-жылга чейин гана узартуу зарылдыгын белгиледи. Аны депутат Кожобоек Рыспаев колдой турганын билдирди. Анын пикиринде, тышкы коркунучтар бар, аны дыкат талдап көрүп, анан биротоло чечим кабыл алуу керек.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости