www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Эмилбек мырза, курултай максатына жеттиби?

-Жетти деп ойлойм, анткени биринчи жолу ушундай форматта талкуу аянтын түзүүгө жетиштик. Абдан көп пикир айтылды, ар түрдүү максаттагы умюдар катышкандыктан  ар башка ойлор айтылып, ар кандай сунуштар берилип жаты. Бирок, жыйынтыгында негизги маселелер боюнча чечимдер дээрлик бир добуштан болду.

-Бул курултайды Атамбаевге таарынчы чоңдор чогулуп алып, экс-президенттен өч алуу максатында уюштурду деп жатышкандар да чыга баштады го?

-Курултайдагы маанай азыркы коомдогу маанайдын эле көрсөткүчү да, делегаттарды эч ким тандап алып келген жок.  Курултайга 48 уюмдун өкүлү катышты. Демек, азыр Атамбаевге коом бүтүндөй нааразы болуп турат, үмүттөрдү үзүп, тилектерди тебелеп салганы, мурдагы Акаев-Бакиевдерден эле бийликти жеке өзүнө узурпациялап алганы үчүн ушундай  мамиле болду окшойт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости