www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 3-ноябрь күнү эртең менен ЖЭБке жакын жерден кыздын сөөгү табылган. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда шаардык ички иштер башкармалыгын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, кыздын өлүгү 3-ноябрда ЖЭБке жакын жерден саат 07:00 чамасында табылган. Маркумдун денесинде эч кандай зордук-зомбулуктун белгилери табылган эмес. Анын жашы болжол менен 20-25 жашта.

Белгилери: Бою 165 см, арык келген, кара узун чачы бар, бети тоголок.

Өзгөчө белгилери: Үстүңкү тишинин оң жагында туура эмес өскөн тиши бар, сол бутунда кызыл жип менен адамдын жана бактын сүрөтү чегерилген билериги бар.

Кийинген кийими: I love Moscow деген жазуусу бар көк түстөгү футболка, Sports жазуусу жана кызыл тилкелери менен кара шорта, бутунда 36-38 өлчөмүндөгү ак кроссовка. 

Милиция бул кыз тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо төмөнкү телефондорго кайрылууну суранат: Тел.: 0553 102-387, 0703 222-622, 0702 498-888, 0772 847-336 же 102

Булак: NazarNews.kg

Последние новости