www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандагы алгачкы аудиологдун бөлмөсү 4-ноябрда Октябрь районунун Бириккен Үй-бүлөлүк медициналык борборунда ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, иш-чара КР Саламаттык сактоо министрлигинин, КР Билим берүү жана илим министрлигинин, КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин, "Сорос Кыргызстан" фондунун өкүлдөрү, сурдологдор, сурдопедагогдор, кохлеардык импланты бар балдардын ата-энелеринин катышуусунда өттү.
Аудиологдун бөлмөсү Кыргыз республикасынын кохлеардык импланты бар бардык жарандарына жеткиликтүү болот. Буга чейин өлкөбүздө сүйлөө процессорун түзөтүү боюнча кызматтар жеткиликсиз болгондуктан, жардамга муктаж жарандар ар алты ай сайын чет жактарга чыгууга аргасыз эле. Ушуга байланыштуу Кыргызстандан эки адис үстүбүздөгү жылдын жай айларынын башында Киев шаарындагы "Жакшы угуу өнөрканасы" мектебине окутууга жиберилип, керектүү билим, атайын адистештирилген жана өнүктүрүүчү адабият менен кайтып келишип, эми алган билимдери менен бөлүшүү максатында башка адистерди окутуудан өткөрүп башташты. Адистерди окутуу "Угуусу начар балдарга билимдин жеткиликтүүлүгү" программасынын алкагында "Өнүктүрүү" балдар борбору "Сорос Кыргызстан" фондунун колдоосу менен уюштурулду.
Булак: NazarNews.kg