www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эгемендүүлүктү алганы премьер министрлик тактын багы ачылбай койду. Бир жылга жакын бул кызматта иштеген Мухамметкалый мырзанын дагы басмайылы бошоп, артынан жагымсыз сөз ээрчип калды. Айталы дегенибиз, бул кызматка келгендердин көбүнө кылмыш иши козголуп, сурак бергендеринен дагы абакка камалгандар да жок эмес. Эми Абулгазив иштен кетсе былыгы чыгабы же таза иштедиби ошондо билинет. Дегенибиз, Сапар Исаковдой “ кап, иштеп турган учурда бул тармакка көңүл бурган эмес экенмин” деп өкүнгөндөй, өкүнүп калбаса болду деген эле кеп. Бизде жасаган ишти эмес, кылган күнөөнө гана көрүп, жазага тартууда көп эле кемчиликтер кетип жатканы да чын. Азырынча Мухаммедкалыйдын жасаган иштерине көңүл бурулбайт, качан иштен кеткенде гана “тигини тигинтип салыптыр, муну минтип салыптыр” деп кызыл-кыргын, будуң-чаң болуп калары да турган иш.
Андыктан өкмөт башчы азырынча таза, бирок иштен кеткенде гана булганыч экени билет. Бул эми кайталанып эле келе жаткан иш экенин эч ким тана албайт.
Бердикожо Бийназаров
Булак: NazarNews.kg