www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл райондук соту Чолпон-Ата шаарынын аймактарынын биринде аялын зордуктаган кишини сабап, жыныстык мүчөсүн кесип салган жаранды 14 жыл алты айга эркинен ажыратты. Бул туурасында аталган соттон маалымдашты.

Окуя 2018-жылы болгон.

Соттук документте А.А. 16-август күнү болжол менен саат 23.30дар чамасында Чолпон-Ата шаарына жакын жайгашкан мал сарайга мас болуп келип Т.Б. аттуу жаранды "сен менин аялымды эмне зордуктадың" деп союл менен сабап, бычак менен бир нече жолу сайып, жыныстык мүчөсүн кесип өлтүргөнү айтылган.

Соттук-медициналык экспертизасынын корутундусунда, Т.Б. аттуу кишинин травматикалык шоктон каза болгондугу жазылган.

Бир нече кабыргасы сынып ички органдарга кирип, ичине кан толуп каза болгондугу, мокок катуу жана сайылып-кесилүүчү буюмдан жаракат алгандыгы аныкталган. Ал эми каза болуп эшикке таштап салынган сөөктү ит оң жаак менен оң көз тарабын жеп кеткени айтылат.

Кылмышка шектелген киши зордукчулду өлтүрбөгөндүгүн, күч колдонуп сабап, кийимин чечтирип, өрттөп салып, үйүнө кирип кеткендигин айтып, кылган иши үчүн кечирим сураган.

"Соттук-психиатриялык экспертиза кылмыш жасаган учурда акыл-ээси соо, өз кыймыл-аракетине жооп бере алгандыгын аныктаган", — деп айтылат документте.

Каза болгон кишинин тарабы соттолуучуга эркинен өмүр бою ажыратуу боюнча жаза чектөөнү суранган.

Булак: "Спутник"



 

Последние новости