www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Кеңешбек мырза, көпчүлүк коалициядан Өкмөт башчылыкка Кубатбек Боронов көрсөтүлүп, депутаттар колдоп берди. Ал ошол жооптуу кызматка татыктуубу?

--Жалпы маалыматтарга таянсак, баскан жолу, иш тажрыйбасы, адамгерчилик касиеттери боюнча Кубатбек Боронов Өкмөт башчысы болуп иштөөгө татыктуу.

--Бирок, анын Абылгазиевден артыкчылыгы барбы?

--Боронов менен чогуу иштешкен эмесмин, жакындан иш жөндөмүн жакшы билбейм. Ошондуктан Абылгазиевден эмне артыкчылыгы бар же жок экенин айта албайм,

--Эмнеге премьер-министрди сырттан издешпей эле өкмөттөгү эле кадрларга токтолуп жатышат?

-Акыркы мезгилде өкмөттүн иши коомчулуктун кескин сынына кабылып, өз арабасын сүйрөй албаган, көйгөйлөрдү чече албаган, жоопкерчиликтен качкан, өз пикири жок органга айланганын ачык айтып келишет. Бул позицияны мен негиздүү деп эсептейм. Кандайдыр бир деңгээлде түзүлгөн бул кырдаалга Бороновдун да, биринчи вице-премьер катары салымы бар. Бирок азыркы оор кырдаалда Бороновдун өкмөт башчылыгына келишин түшүнүү менен кабыл алса болот. Анткени, анын алдына кыска мөөнөттүү, так тапшырмалар коюлган. Алар коронавирус дарты менен күрөшүүнү аягына чыгаруу, күзүндө боло турган Жогорку Кеңештин шайлоосун тынч өткөрүү. Ошондуктан Бороновду техникалык өкмөт башчы деп койсок туура болот.

--Абылгазиев кызматтан эмне үчүн кетти? Жыштык чырына тиешеси бар үчүнбү же темир жолдогу коррупцияда аты аталган үчүнбү? Же мамлекетти туңгуюкка кептегени үчүн кызматтан кетүүтө аргасыз болдубу?

--Абылгазиевдин кызматтан кетишинин негизги себептери коомчулукка жакын арада белгилүү болот.

--Жылуу-жумшак узаткан боюнча тим коюшабы же кылмыш ишин козгошобу?

--Кылмыш иштери конкреттүү фактылар боюнча козголгон. Абылгазиевдин күнөөсү болсо, президент аны коргобойт, жоопко тартылат. Коррупция менен күрөшүүнүн бүгүнкү күндөгү деңгээлине эл, коомчулук, президент өзү да алымсынбай жатканын көрүп жатпайбызбы.

--Абылгазиевдин президентке каяша кайрыбаганын, президенттин кол баласындай эле болгонун эске алып, шайлоодо бийликтин партиясынын депутат кылышабы же биротоло болгон дооматтын баарын арта салып, бийлик эл алдында тазаланып алабы?

--Бийликтин өзүн-өзү тазалашы мүмкүн эмес. Ага эч ким ишенбейт. Баары шайлоо учурунда, элдин колунда, тандоосунда болот. Президент Сооронбай Жээнбеков айтпадыбы, "күнөөсү болсо сиңирген эмгегине, жасаган кызматына, тууганчылыгына карабайбыз" - деп. Ошондуктан, тергөөнүн, текшерүүнүн жыйынтыгын карап туралы.

Булак: Ачык саясат

Последние новости