www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров парламенттин төрагасы Нурлан Шакиевге расмий кат жолдоду.
Бул катта депутат Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүү Кыргызстандын Конституциясын бузуу экенин белгилеген. Кеп биринчи главанын үчүнчү беренесинде болуп жатат, анда Кыргызстандын чек араларындагы аймагы бүтүн жана кол тийгис деп жазылган. Мындан тышкары, депутат Кыргызстандын Суу кодексинин өлкөдөгү суу ресурстары өзгөчө жана бөлүнгүс статуска ээ деген беренесинин бузулушу бар экенин кошумчалады.
Мадумаров парламентте ар бир депутат Конституцияны урматтоого, Кыргызстандын элинин кызыкчылыгын, өлкөнүн көз карандысыздыгын жана бүтүндүгүн коргоого ант бергенин эске салды.
Депутат 10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы боюнча келишимдин долбоорун жактырганын айтты. Бирок, ошол эле учурда комитеттин ошол кездеги жетекчиси Чыңгыз Айдарбеков кол койгон эмес. Бирок комитеттин жетекчиси алмашкандан кийин долбоор жактырылган.
Ал катында Кемпир-Абаддын тарыхын да эске салган: 1970-жылдары суу сактагыч курулгандан кийин ал Өзбекстанга башкарууга гана берилип, андагы жерлер Кыргызстандын менчигинде калган.
«Ошол эле учурда Өзбекстан суу сактагычтын ордуна суу объектилерин курууну убада кылган, бирок ушул күнгө чейин ал убадалар аткарылбай келет. Кеп Кемпир-Абад суу сактагычынын сол жээгиндеги объекти жана Сох суу сактагычы тууралуу болуп жатат. Ал эми суу сактагычтын ордуна суу чарба курулуштарын курууну убада кылган», - деп айтылат маалыматта. Бул объектилердин техникалык долбоорлору 1980-жылдардын башында даяр болгон, бирок алардын курулушу жылдар бою баштала элек. 70-80-жылдардагы Өзбек ССРинин бийлиги муну материалдык-техникалык ресурстардын жетишсиздиги менен түшүндүрүп, союз тарагандан кийин бул долбоорлор такыр унутулуп калган.
Өзбекстан ушул күнгө чейин Кемпир-Абад суу сактагычын жер тилкелери менен компенсациялаганы үчүн гана башкарып келет. Бирок бул алмашуу болгон эмес!», - деп айтылат Мадумаровдун катында.
Каттын аягында өлкөнүн ар бир жараны өз тарыхын, ата-журтун, жерин урматташы керектигин кошумчалады. Ал үчүн эң оболу ата-бабадан калган мурасты коргоого милдеттүү.
Мадумаров дүйнөлүк окумуштууларга шилтеме жасап, 2035-жылдан кийин бүткүл дүйнө таза суунун тартыштыгына кабыларын кошумчалады.
Эмне үчүн мынчалык кайдыгерлик менен биздин балдарыбыздын, келечек муундарыбыздын келечегин бергиңер келет? Мындай чечимди бул кылым кечирбейт", - деп жыйынтыктады Мадумаров.