www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек - Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда калың кар жаап, бороон болууда. Бул тууралуу "Кыргыз автожол" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, кардын калыңдыгы 25 см чейин жетет. "Кыргыз автожол" МИнин №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан жолдорду кардан тазалоо жана тайгакка каршы инерттүү материалдар менен толтуруу иштери жүрүп жатат.

"Жолдун көрүнүшү начар. Бишкек - Ош унаа жолунун 132-136 тилкесинде өтүү бир гана Ош багытына жүргүзүлүүдө. Жеңил унаалар үчүн жол кыймылы татаал. Оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди. Аба ырайына байланыштуу ашуу аймактарына чыга турган айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрүн кышкы дөңгөлөккө алмаштырып, кар чынжырчаларын алып жүрүүнү сунуштайбыз", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости