www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адам териси менен мукабаланган китеп

Гарвард университети дүйнөдөгү эң кадыр-барктуу жогорку окуу жайларынын катарында турат. Университет аны бүтүрүп чыккан миллиардерлердин көптүгү жана абдан чоң китепканасы менен даңкы чыккан. Дал ушул китепкана Гарварддын атын жаман жагынан дүңгүрөттү. Жакында китепкана кызматкерлери китептерди кайрадан тизмектеп жатышып сырткы мукабасы шек туудурган 3 китеп таап алышкан. Адистердин жардамы менен бул китептердин мукабасы адамдын терисинен жасалгандыгы белгилүү болду.

Бир китептин тышы адамдын али жаны чыга электе тирүүлөй сыйрып алынган терисинен экендиги төбө чачты тик тургузат. Китептер рим поэзиясынын жыйнагы, француз философиясы боюнча эмгек жана орто кылымдагы испан мыйзам чыгаруу тармагы боюнча экен. Адистердин айтымында, 17-кылымда адам терисинен жасалган мукаба эч кимди таң калтырчу эмес. Айрыкча, анатомиялык окуу куралдарын адам териси менен капташчу.

Булак: "Мантыш"

 

 

Последние новости