www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жергиликтүү ММКларга Токмоктогу 31 жаштагы жалгыз эне Марина Щербакова кайрылган, ал Токмокто Ички иштер бөлүмү анын суранычын, жазган арызын карабай жатканын айтып, милиция бандиттердин кызыкчылыгын көздөп жаткандай деген шегин да жашырган жок.
Маалыматка караганда, М.Щербакованы жана анын төрт баласын өлтүрүп кетебиз деген коркутуу болуп жаткан. Себеби, аялдын 13 жаштагы уулу Максим, катуу соккудан каза тапкан 30 жаштагы Чыңгыздын сабалып өлтүрүлүшүнө капыстан күбө болуп калган.
Маринанын айтымында, 2019-жылдын 8-апрелинде кечки саат 21:00 чамасында анын уулу таанышы Чыңгыз Чоноев менен эшикке чыккан. Ошол убакта Жакшылык келип, Чыңгыз четке сүйлөшүүгө чакырып кетет.
“Караңгыраак жерге барганда, Жакшылык Чыңгызды ура баштаганда, ал жыгылат. Уруш учурунда, Максим четте карап турат. Чыңгыз сулк эле жатып калганда, Жакшылык кетип калат да Максим мени чакырды. Мен барып эле “Тез жардам” чакырдым. Эртеси Чыңгыз өзүнө келбей каза болду”, - деп айтты Марина Щербакова.
Марина билдиргендей, Чыңгыздын өлүмүнөн кийин 9-апрелде Максимге Алимжан жана Адыл деген балдар келип, Максимди күч менен унаага отургузуп,Чыңгызды урду деп 3 кишиге көрсөтмө беришин талап кылган. Менин балам андан баш тарткан. Андан кийин алар Максимге тапанчанын 3 огун көргөзүп, кайсынысынан өлүүгө даяр экендигин сураган.
Максимдин айтымында, Токмоктун “авторитеттери” Адыл менен Алымжан Максимди үч жолу унаасына салып шаар четине алып барып, аларга каршылаш Улан, Бектур жана Тимур атуу балдарга каршы жалган көрсөтмө бербесең бүт үй-бүлөсүн өлтүрөбүз деп коркутушкан.
Булак:NazarNews.kg