www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талибандар бийликке келгени Афганистанда абал кыйла эле оорлоп кетти. Экономикалык кризис курч. Ачарчылык каптады. Жокчулуктун айынан жаш балдарын, өзгөчө кыздарын саткандар көбөйгөн. Аялдардын укугу чектелип, диний караңгылыктан катуу жапа чегишүүдө. 

Талибандын бийликке келиши менен кыз-келиндердин билим алуусуна, окуусуна, иштөөсүнө, спорттун баардык түрү менен машыгуусуна тыюу салынган.

Мына бул сүрөттөрдө - ооган спортчулары жүзүн жашырууга аргасыз.  Алардын арасында үй-бүлөсүнүн нааразычылыгына, кошуналарынын шылдыңына карабай бир нече жылдан бери командалык спорт менен алектенген 20 жаштагы Нура да бар.  

Ал бул туурасында: "Мен мурункудай эмесмин. Талибан бийликке келгенден бери өзүмдү өлүп калгандай сезем", - дейт.

Афганистандагы бул көрүнүш билим алгандын ордуна мечитке чуркап, айлап үй бетин көрбөй дааватка чыкканды жетишкендик, ыймандуулук катары көргөн биздин коомго сабак болуш керек. Эсибизди жыйалы. Эртең кеч болуп калат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости