www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР ИИМ Академиясынын социалдык, тарбиялык иштерди уюштуруу бөлүмүнүн жетекчиси Афтандил Каичибекович NazarNews.kg агентигине Улуттук долбоор баштаганын билдирген кат жөнөтүптүр. Мындан улам аны кепке тарттык.

- Афтандил мырза, Айтматовдун "Жамиля" чыгармасы аркылуу жакшы долбоор баштап жатканыңызды билдирдиңиз. Көпчүлүккө түшүнүктүү болуусу үчүн анын максатын жалпак тилге салып түшүндүрүп бериңизчи?

- Бул долбоор улут менен сыймыктанууну жаратат. Башкача айтканда, каармандардын кыймыл аракеттери менен кыргыз улуттук идеологиясынын баатырларын жаратуу долбоору. Алсак, чыгармадагы Салыктын атасын сүйлөтүп улуттук каада салтта кыз ала качуу салт болбогондугу айтылат. Даниярга монолог айттырып, анда Ата-Бейитке болгон кадырлоо айтылат. Анан бүгүнкү ички-тышкы миграция маселеси эске алынат. Ал эми Жамиляга монолог айттырып, кыргыздардын кыз кишиге, зайыбына болгон терең сыйын, аруу тарбиясын көргөзөбүз. Садыктын монологунда, душмандын баскынчылык, зордук-зомбулугун өз көзү менен көрүп келгенден кийин, өзүнүн катасын сезип Жамиляга кордук көрсөткөнүн түшүнөт. Андан кечирим сурайт, сүйүүсүнө ыраазычылык билдирип, бакыт каалайт.

- Кечиресиз мен туура түшүндүмбү. Ошондо ИИМ Академиясынын курсанттары менен спектакль коюп жатасызбы?

- Ооба, Атайын үгүт тбригада кылып окуу жайларды кыдырабыз. Эң башкысы спектаклден кийин мен чыгып ушул өзгөртүүлөрдүн негизинде улуттук сезимди козгогон сөз сүйлөйм. Тагыраагы, кыргыздын каада салтына таазим этүүгө, аялга болгон аяр мамиле жөнүндө жана кыргыздын баатыр, айкөл касиеттерин тажрыйба жүзүндө айтып берем. Кыргыздар сыймыктана турган шарттарды түшүндүрөм. Муну менен улутташыбыз Чыңгыз атага болгон сый менен дүйнө элин таң калтыруу!

- Жакшы экен. Спектаклди ким жазып берди, атайын режиссер жалдадыңарбы?

- Жоок, өзүмдүн ой жүгүртүүмдөн эле жаралды.

- Куттуктайбыз! Демек, режиссердук талантыңызды сынайт экенбиз да...

- Рахмат! Аракет кылуудабыз. Анан бул эле эмес, өз каражатыман 21-ноябрда дасторкон жайып Айтматовго куран окутуп, тамак бердим. Ошондой эле 100 түп жанатан (превосходный) сортундагы алма олтургузгам.

- Академиянын буга кызыкчылыгы жокпу?

- Эми өзүң деле жакшы билесиң... Академияда коррупция жок, кошумча акча тапкан булактарыбыз жок. Мындан улам демилге көтөрүп чыккандары жок. Жакшы саамалыкты баштайын деп акча сурасаң, эч нерсе кыла албайбыз деп турушат. Аны айтасың да, керек болсо Академиянын жетекчилери жаманчылыкка чогулткан 50 сомду араң беришет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости