www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Түркиянын Стамбул шаарындагы мурдагы башкы консулу Эркин Сопоков кармалды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалымат катчысы Рахат Сулайманов ал 28-ноябрда суракка чакырылып, камакка алынганын билдирди.
Сопоков Стамбулда киши колдуу болгон ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу колго түшкөн.
Түркияда атып өлтүрүлгөн Айеркен Саймаити Кыргызстандын Стамбулдагы консулу Эркин Сопоковдун консулдукка тиешелүү 34 CC 2902 номерлүү “Range Rover” автонуаасын 10 миң долларга ижарага алган. Бул тууралуу Sozcu түрк басылмасы маалымат тараткан.
Кытайлык ишкер, Кыргызстандагы миллиондогон доллардын айланасында чууга байланышкан Айеркен Саймаитини 10-ноябрда Стамбулдагы кафелердин биринде күпкүндүзү, элдердин көзүнчө атып кетишкен. Ал эми окуя болгон жерден Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугуна тиешелүү жогоруда аталган автоунаа табылган. Кийин муну ал кездеги консул Эркин Сопоков түшүндүрүп бере албаганын Тышкы иштер министрлиги билдирип, анын негизинде президент Сооронбай Жээнбеков 12-ноябрда Сопоковду кызматтан алган.
УКМК Сопоковдун кармалышы "Азаттык" радиосу жана "Kloop" сайты жарыялаган коррупция тууралуу иликтөөгө байланышы бар экенин да белгиледи. Ошондой эле Сопоковдун үстүнөн Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянат пайдалануу", "Мыйзамсыз баюу" өңдүү бир катар беренелер боюнча да иликтөө жүргүзүүдө.
Булак: NazarNews.kg