www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бирге түтүн буулатып келатканыбызга 40 жылдан ашты.
Кеч кирип калган. Демейдегидей эле чай ичип кобурашып олтурганбыз. Кемпиримди сынап көрмөкчү болуп минттим: " 35 жыл мурун бир кичинекей үйдө жашап, эски Жигули айдап, үч бутту керебетте уктачубуз... Баса, үстүнө чапмайын иштебеген телевизор эсиңдеби? Ал кезде жаңы баш кошуп ысыгыбыз тарай элек болчу. Эх, 25 жаш... Ошондо эки жүз пайыз бактылуу элем.”
“Азырчы... Бизде заңгыраган үй, бир эмес үч машина, жумшак керебет жана чоң плазма бар. Бирок. Ар бир түнү жанымда 60тагы кемпир жатат. Кымбаттуум, эмнегедир сен мага татыктуу эместей сезиле баштадың” дедим.
Жубайым акылдуу жана билимдүү аял. Назик жылмайып мындай деди:
"Алтыным, мен сени кармабайм, төрт тарабың кыбыла, каалаган жагыңа кете бер. 25 жаштагы кыз тапсаң унчукпайм. Мага ишен, бир кийинекей үйдө, Жигули айдап, үч бутту керебетте уктап, иштебеген телевизорду тиктеп жашап калышың үчүн бардык күч аракетимди жумшайм!”
Аялдан өткөн душман жок экенине дагы бир ирет ынандым.
Булак: "bilesinbi.kg"