www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сагынбек Абдырахманов: Биздин Иса Өмүркулов менен болгон жолугушуубуз тууралу менин айткандарымды бурмалашып, «Асылбек Жээнбеков уюштуруп бериптир» деген сөз чыгарып жатышат.

Биз «Атамбаевсиз СДПК» деген ураан менен жер-жердеги эле партиялаштарды кыдырбастан, фракция депутаттары менен да байланышып, баарлашып, дээрлик көпчүлүгү бизди туура түшүнүп, колдоп келген. Асылбек Жээнбеков да бизди туура түшүнүп, колдогону менен биз ага жолугушууну сунуштаганыбызда ал кыйылып, макул болбой, жолугушуулардын башын фракция лидери менен жолугуудан баштоону сунуштаган.

Биз Асылбек Шариповичке «Иса Өмүркулов менен тыгыз контагыбыз жок эле» деп айтсак, « бир ооз кабыл аласызбы, партиялаштар суранып атат» деп айтам, кабыл алат болуш керек деген. Анан жолуктук. Ошону айтсам анан тигинтип Асылбек Жээнбеков бизди айдап жүргөнсүп «Форумдагылар» кеп чыгарышты. Асылбек Жээнбеков бизди туура түшүнүп колдоп келе жатканы менен ачык жолугушуудан тартынып, бизди фракция лидерине жумшаганы деле бекер эмес.

Жанагыдай «семейный-клановый» деген ярлыкты жабыштырып, президент агасына кара пиар жасашаарын билгендиктен «берки депутаттардай эле, эл катары колдоюн» деп, бизди фракция лидерине багыттаганы тетирисинче анын адамгерчилиги эмеспи?

Ошону түшүнбөй жалаа жапкан «Форумдагылар» өзүлөрү коррупционерлерди коргоп «кара бет» болуп калганын сезишет бекен?

Булак: "Жаңы Ордо"

Последние новости