www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда коомчулукта 24-ноябрда болуп өткөн Курултайдан кийин экс президент Алмазбек Атамбаевке болгон элдин нааразычылыгы жана анын 6-жылдык ишмердүүлүгүнө болгон саясий көз караштар эксперттердин талдоосуна кабылды. Алсак анын кол тийбестик макамы учурда мыйзамда каралып жатат.

Кыргызстандын эгемендик тарыхында Сооронбай Жээнбековду кошкондо беш президент алмашса, анын алгачкы экөөнө - Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевге экс-президент макамы берилген эмес. Учурда Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаевге гана экс-президент деген макам берилип, алар мыйзамда көрсөтүлгөн баардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып келишкен. Бирок эл таразалап азыркы убакта экс ажоонун коомдогу ордун тарых барактарына калганга татыктуубу деп сындап келишүүдө. Жарандык активист Айбек Бузурманкул уулунун айтымында, качан гана эл ыраазы болуп жарактуу иш жасап элин жерин сүйгөн гана президент мындай макамга татыктуу деп кошумчалайт.

Мындан сырткары, эгер экс ажонун кол тийбестик макамы өз күчүндө калтырылса, президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрү менен ден соолугун мамлекеттин эсебинен камсыздандыруу, акысыз медициналык тейлөө нормаларын алып салуу тууралуу сунуштар бар. Ал эми мындай жүйөлөр экс ажонун эл алдындагы 6-жылдык мүмкүнчүлүгүн так аткаруусуна гана дал келсе элдик Президент болуп калмак дейт “Ак-калпак” партиясынын төрагасы Улукбек Маматаев.

Тарых барактарында  калган эл башчылары,ар дайым коомдогу орду калк арасында болгон мамилеси анын ким экендигин  айгинелеп турат. Эгер  Президенттин мамлекет үчүн жасаган иш аракеттери мыкты болсо аны эл өзү эле баалап алмак дейт жазуучу жана журналист  Бердикожо Бийназаров.

Атамбаевдин доорунда ошол мезгилде эле анын мыйзамсыз иш аракеттерин көрүп турса да билип турса да өз мандаттарынан айрылып калуудан корккон саясатчылар үн көтөргөн эмес. Ал эми азыркы учурда экс ажоо менен азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун бири-бирине салыштыргыс айырмасы бар дейт Ата-Журт фракциясынын депутаты Нурбек Тотонов.

Жаңылай  Баймуратова, NazarNews.kg

 

Последние новости