www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармак айрым саясатчыларга маалымат алуучу же маалымат бөлүшүүчү трибуна болгону менен айрым депутаттар социалдык тармакта кантип маалымат коопсуздугун көзөмөлдөөнүн жолун издеп жатышат.

Маселен, Улан Пиримов маалымат коопсуздугун көзөмөлдөө керектигин айтып, фейк аккаунттар менен адамдын аброюна шек келтирген, мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч жараткан маалыматтар тарап жатканына капа.

Ал эми Иса Өмүркулов социалдык тармакта желдей тараган бурмаланган маалыматтарга нааразы. Ал бурмаланган маалыматтар менен өспүрүмдөр да сугарылып жатканын эскертип, балким социалдык түйүндү колдонууга чектөө кою керектигин айта баштады.

Сыягы, Социалдык өнүктүрүү министрлигин сындай коём деп, анын тарапташтары соц тармакта Өмүркуловду түшүнүп-түшүнбөй бир жактуу каралаганына капа болгон окшойт. Кандай болгон күндө да соц тармак фейктерге чара көрүшү керек. Антпесе алар кимдир бирөөгө жалданып иштеп калпты, чындай жазып, чынды кудай ургандай абалга кептеп, коомдо кайчы пикир жарата беришет.

Кыскасы, социалдык тармак депутаттардын оюн онго, санаасын санга бөлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости