www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Кыргызстанда профсоюздар Федерациясы бар, алардын жасаган иштери боюнча активист катары кабарыңыз барбы?

--Менин билгенимде, Кыргызстан профсоюздар Федерациясы жетишээрлик иш кыла албай “уктап” эле жатат. Анткени коомдо профсоюздун оорду, максаты, жоопкерчилиги жөнүндө, кыла турган иштери боюнча элде маалымат аз. Тилекке каршы профсоюз жабык уюм болуп калды, ал эмне иш кылып жатканы белгисиз, деги эле билинбейт.

--Мисалы үчүн...

--Мисалы ал Евпропадагыдай ачык, эл менен иштеген, элдин укугун коргон уюм болуш керек эле, бирок элге маалыматты туура жетпей жатат. Менимче бул тармак чоң реформаларды муктаж. Башка өлкөлөрдүн иш тажрыйбасын карап, алардын ийгиликтүү ыкмаларын бизде колдонуш керек. Профсоюздардын мүчөлөрүн көбөйтүш керек, мисалы ошол эле банктарда профсоюздук комитеттер аз, жок эссе деп деле айтса болот, кокус кандайдыр бир себептер менен банк кызматкери жумушунан бошотулган болсо ал тилекке каршы коргоосуз калат, анткени ал жакта профсоюздар жок. Мына ошол жактан да профсоюздар аксап жатат, ал эми банктардагы профсоюздарды түптөө, алардын мүчөлөрүн көбөйтүү бул түздөн-түз Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын иши, ал эми ал тармак боюнча иш жүргүзүлгөн жок.

--Рахмат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости