www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ошентип жарым жылдан бери Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев күнөөсүз камакта жатат. Бул жагдайга кыргыз элинин чыгаан адамдары тынчсызданышууда. Алар басма сөз аркылуу байма бай өздөрүнүн калыс сөздөрүн коомчулукка билдиришүүдө. Бүгүн да кыргыз элине эмгеги сиңген ардактуу атуулдарынын кайрылуусун берүүнү ылайык көрдүк. Чындык бар болсо адилеттүүлүктүн жарыгы эл өкүлүнө тиер деген ишенимдебиз
- Осмон Артыкбаев агабыз менен улуу акын Токтогулдун жана Коргоол атабыздын мааракесинде тыгыз иштешип калдык. Өнөргө болгон ынтаасы жана өнөрлүү бабаларына болгон урматтын аркасында Осмон Артыкбаев жан дили менен киришип эки залкардын тең мааракеси эң жогорку деңгээлде өттү, Токтогулдун 150 жылдыгына арналган айтыш эл аралык болуп уюштурулду. Айтайын дегеним бул адам өнөргө, улутка кайдыгер карабаган, Мамлекети үчүн күйгөн адам. Учурда бул адамдын үстүнөн кылмыш иши козголуп күнөөсү бар же жок экени далилденип жаткан мезгил. Ден-соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарып тергөө иштери жүрсө албетте жакшы болмок, бул адам мамлекетин таштай кача турган адам эмес деп эсептейм. Учурда Президентибиздин талабы менен Сот системасы өзгөрүү жолун баштап тургандай. Урматтуу сот өкүлдөрү Осмон Артыкбаев замандашыбыздын иши ачык-айкын, адилет каралат деген терең ишенимдемин.
Булак: "Ачык сөз"