www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын аймагындагы Шаркан-Сай каналынан кыргыз жаранынын сөөгү табылды.

Бул тууралуу Ош облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

2018-жылдын 3-ноябрында Кара-Суу районунун тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында анын 1997-жылы туулган кызы дайынсыз жоголгондугун билдирген.

Ыкчам-иликтөө жыйынтыгында жоголгон келиндин жансыз денеси Өзбекстандагы суудан табылган. Туугандары сөөктү алып кетишти.

Тактала элек маалыматтар боюнча маркум кайын энеси менен урушуп кеткен. Кошуналардын айтымында ошол күнү ал кумшекер төгүп алганы үчүн кайненесинен тил угуп, күйөөсү сабаган.

Андан соң келин кошуналарынан 20 сом акча алып, балдарын таштап белгисиз жакка кеткен.

Маркумдун күйөөсү менен кайын энеси келинди өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирген болсо, жоопкерчиликке тартылат. Тергөө иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости