www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2022-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Нью-Йорк шаарындагы БУУдагы Туруктуу өкүлү Аида Касымалиева БУУнун Башкы катчысынын “Биздин жалпы күн тартибибиз” аттуу докладынын “Биздин планетаны коргоо жана келечекке даярдоо» темасындагы формалдуу эмес тематикалык консультацияларда сөз сүйлөдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Өз сөзүндө Туруктуу өкүл Кыргызстандын Париж келишиминин максаттарына берилгендигин белгилеп, ага байланыштуу 2021-жылы “Кыргыз Республикасынын Улуттук аныкталган салымы” кабыл алгандыгын жана ошого ылайык парник газдарынын эмиссиясы 2025-жылга карата кыскара тургандыгын билдирди.

Аида Касымалиева климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу тоолуу өлкөлөрдүн көйгөйлөрүнө да көңүл бурду. Бул контекстте Кыргыз Республикасынын тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча демилгелери тууралуу маалымат берди. Тактап айтканда, ал БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2022-жылды Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы деп жарыялангандыгы жана Кыргызстандын «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттерди» кабыл алуу боюнча жаңы резолюцияны сунуштоо ниетин белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости