www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айдоочулар митингге чыгышты

Маалыматка ылайык, Казакстандын Актөбө шаарында ондогон айдоочулар Калкты тейлөө борборунун имаратынын алдына автоунааларын мыйзамдаштырып берүү талабы менен чыгышты. Бул тууралуу маалымат булактары жазып чыкты.

Алар автоунааларды мыйзамдаштырып берүү талабын коюшууда.

Ал эми, Казакстанда чет өлкөнүн номуру менен 170 миңдей автоунаа катталган. Жаңы эрежеге ылайык, айдоочулар машинелерин каттоого коюу үчүн миллион теңгеге чейин бажы салыгын төлөшү кажет. Бажы төлөмүн төлөгүсү келбеген айдоочулар автоунааны 30 күнгө өлкөдөн чыгарып турууга милдеттендирилет.

Айтылган эрежелерди сактабаган чет өлкөлүк номуру бар айдоочулар айыпка жыгылып, автоунаа атайын токтотуучу жайга киргизилет.

Мааалыматка караганда, Айдоочулар автоунааларды мыйзамдаштырып берүү талабы менен Семей, Петропавловск жана башка шаарларда митинг өткөрүүнү пландашууда. Азырынча нааразылыктар Алматы, Актау жана Жаңы-Өзөн шаарларында өттү. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости