www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сузак районунда күйөсү сабап салган аялдын абалы орто. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, жабырлануучу 14-январда Сузактын аймактык ооруканасына түшкөн.

“Дарыгерлер бейтапка “жабык баш сөөк-жаракаты, мээнин чайкалышы” деген диагноз коюшкан. Ошондой эле аялдын денесинде көк ала тактар жана жаракаттар бар. Аялдын абалы орточо катаалда деп бааланган”,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда күйөсү аялын сабап салган. Жаракаттары менен ал ооруканага кайрылган. Аталган окуя үй-бүлөлүк зомбулук фактысы менен кылмыш иши козголгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости