www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

31-январда  Айэркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын отуруму өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка таянсак, 2020-жылдын 31-январында саат 11:00дө Жогорку Кеңеште Кытай Эл Республикасынын жараны Айэркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө боюнча түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясынын отуруму  өтөт.

Отурумга тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү жана “Азаттык” үн алгысынын жетекчилери чакырылган.

Эске сала кетсек, парламент мүчөлөрүнүн мурунку жумуштук жолугушуусунда Финчалгындоо мамлекеттик кызматынын башчысы Гуламжан Анарбаев, Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов, ошондой эле МСКнын башчысы Кабыл Абдалиев катышкан.
 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости