www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жети-Өгүздө менчиктештирилип кеткен бала бакчанын имараты кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жети-Өгүз районунун Тамга айыл өкмөтүнүн балансында турган №13 бала бакча 167,4 сотых  жери менен кошо 2006-жылы чакан насыя ишканасынын менчигине берилген.

 Ишкана менчиктештиргенине толук 13 жыл өткөндөн соң, тагыраагы 2019-жылы 24-июнда райондук прокуратура бала бакчаны мамлекетке кайтаруу максатында Ысык-Көл облусундагы район аралык сотко кайрылган. Натыйжада бала бакчаны менчикке чыгаруу боюнча 2006-жылы 31-июлда Тамга айыл өкмөтү менен чакан насыя компаниясынын ортосундагы келишим жокко чыгарылып, бала бакча айыл аймагынын менчигине кайтарылды.

Райондук прокуратура жүргүзгөн иштердин натыйжасында баасы 1 936 000 сомдук бала бакчанын имараты муниципалитетке кайтарылды.

Эске салсак, Ысык-Көл облусунда 120дан ашык менчик, муниципалдык жана мекемелик бала бакча бар. Бул жалпы суроо-талаптын 38% гана камсыз кылат. Былтыр эки бала бакча жаңыдан ишке кирди, дагы үчөөнүн курулушу жүрүп жатат.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости