www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 31-январда Жогорку Кеӊеште Кытай Эл Республикасынын жараны Айэркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө боюнча түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясынын отуруму өтүүдө.

Отурумга тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү жана “Азаттык" үналгысынын жетекчилери чакырылган.

Жыйын жүрүшүндө “Азаттык" үналгысынын директору Айзада Касымалиева Айэркен Саймаити менен Райымбек Матраимов иликтеген журналист Али Токтакунов азыркы учурда «Азаттыктын» Прагадагы (Чехия) борбордук кеңсесинде иштеп жаткандыктан, комиссиянын отурумуна катыша албай турганын, аны менен интернет аркылуу онлайн режиминде байланышса болорун билдирди.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш уйгур улутундагы кытай ишкери Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу 2019-жылдын 21-ноябрында убактылуу депутаттык комиссия түзгөн. Ага парламенттеги алты фракциядан 12 депутат мүчө болуп кирген.

Депутаттык комиссиянын курамында төмөнкү депутаттар бар: КСДП фракциясынан – Өмүрбек Бакиров, Сайдолимжон Джураев, Аалы Карашев, Абтандил Кулбараков, "Республика - Ата Журт" фракциясынан – Мирлан Жеенчороев, Талант Мамытов, Закир Шарапов, "Кыргызстан" фракциясынан – Данияр Төлөнов, Алмазбек Эргешов, «Бир Бол» фракциясынан – Жаныбек Бакчиев, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан – Тынчтык Шайназаров, "Ата Мекен" фракциясынан – Алмамбет Шыкмаматов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости