www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдагы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин коллегиясынын экинчи бөлүгү бүгүн  уланууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Коллегия тууралуу толук маалымат жыйындын соңу менен берилет.      

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлеринин коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча  алдыларына койгон тапшырмаларды аткаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, кылмыштарды эскертүү, бөгөт коюу жана бетин ачуу боюнча иштерди өнүктүрүү,  ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктөрүннун сапатын  жакшыртуу максатында “Мыкты Ички иштер органдары”  сынагы өткөрүлүп келет.

1-орунду ээлегендиги үчүн, Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгы Кыргыз Республикасынын ИИМдин  Өтмө туусу, сыйлык лента, атайын вымпел жана компьютер  менен сыйланды.

2-орунду алган Ош шаарынын ички иштер башкармалыгы сыйлык лента, атайын вымпел жана ноутбук менен сыйланды; 

3-орунга ээлеген Ош облусунун ички иштер башкармалыгы сыйлык лента, атайын вымпел жана түстүү сыналгы менен сыйланды.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости