www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева насвай, тамеки тартууга бөгөт коюу боюнча мыйзам долбоорун сунуш кылып жатат. Ошол боюнча кеңири маек курдук, - деп жазып чыкты "Ачык саясат" гезити.

- Айнуру айым, тамеки, насвай боюнча жаңы мыйзам долбоорун жазып, сунуштап жатасыздар. Ошол мыйзам боюнча элге жеткиликтүү кылып түшүндүрүп берсеңиз?

- Биздин жаңы мыйзам долбоорубуздун негизги концепциясы - элибиздин ден соолугу. Өкүнүчтүүсү көптөгөн изилдөөлөрдүн негизинде жыл сайын балдар-кыздар арасында чылым чегүү, кальян тартуу, насвай атуудан улам 6 миң адам рактын ар түрдүү оорусунан жабыркап, каза болушат экен. Ошондуктан, бул мыйзам долбоору зыяндуу заттарды пайдаланышын, ошого карата тартиптин, мыйзамдын күчөшүнө алып келишине чоң өбөлгө болот деп ишенем. Мисалы насвайды лабораториядан текшертип көрсөк, ичинде (астпис,) (испист) жана тооктун кыгы бар экен. Муну бир эле заводдон эмес ар кайсы үйдүн ичинен жасап чыгарышат.

Дүкөндөн Индиядан келген насвай сатып алдым. Эмнеге мындай болуп калды? Анткени бизде мыйзам иштебей жатат. Биз сунуш кылган мыйзам өнүккөн өлкөлөрдө, АКШда, Россияда эчак кабыл алынып, иштеп жатат. Ал жакта коомдук жайларда чылым чегүүгө болбойт. А бизде, мисалы, кафеге барсаң тамеки тарта тургандар үчүн өзүнчө бөлмө беришет. Сиз кумар алып тартып жатасыз, бирок түтүнүн официант болуп иштеген жаш уландар дем алып, зыяны тийип жатат. Кафелерге барсаң кольяндын түрү бар. Бирок анын шишесин алмаштырбайт да. Мүмкүн кургак учук менен ооруган адам тартып калсачы? Лабораториялык изилдөөлөрдө туберкулездун таякчалары так ошол жерде сакталып калат экен.

«Залалы жок», - деп жаштар тарта беришкени менен кийин күчтүү тамекилерге өтүп кетишээри толук мүмкүн экени статистикада бар. Бөлөк өлкөлөрдө мыйзамдар кабыл алынып иштегендиктен табачный компаниялар ал жактарда киреше таба албайт. Ошон үчүн мыйзамдары күчсүз, коомдук жерлерде уруксат болгон бизге келишти. Мисалы дүкөндөрдө тамекини зажигалкасы менен сатып кызыктырышат. Эптеп ар кандай ыкмалар менен сатууга аракет кылышат. Бизде табачный компаниялар жок. Бүт чет өлкөдөн келген компаниялардын кирешесине иштеп жатабыз. Мен ойлойм, алар биз сунуш кылган мыйзамга ар кандай тоскоолдуктарды жаратканга аракет кылышат. Насвайдын кесепети эрин рагына кабылтат.

Тилекке каршы, биздин кыздар дагы тамекиден насвай тартканды үйрөнүп алышыптыр. Анонимдик сурамжылоодо ачык эле айтышат экен «насвайга өтүп алгам» дешип. Анонимдик болбосо айтышпайт. Нарколог врачтар да, «клеткаларды өлтүрө турган, акиташ, уулу заттар кошулган насвайлар Ош базарында сатылат. Мурда бир точкада сатылса, азыр узун катар-катар болуп 50-60 адам сатып отурушат экен.

Ал гана эмес супермаркеттерге чейин Баткендин насвайы кирип кетти. Ушунун баарынан азап чеккендер бизге келишет, баары машина айдашат. Ызырынып кызуу жүрүшөт. Арак ичкендердей болуп оозунан жыттанбайт, коомчулукка билинбейт, бирок бүт баарынын баштары маң. Адамдын баары ууланып жаткандарын билишкени менен унчугушпайт» - деп айтып жатышат.

- Эми ошол Баткендин колго жасалган уулу заттарын кантип токтотобуз?

- Баткенге атайын адистер изилдөө жасап барып келишти. Алардын изилдөөлөрүнүн негизинде, 32 пайыз тургундар үйдө колго жасашаарын айтышкан экен. Бирок ичине эмне кошконун айтышпайт. Ар бир үйдөн анализ алып текшерип көргөндө ар башка затгардан жасалган болуп чыккан. Баткендин жергиликтүү элинен сурамжылоо кылып көргөндө 28 пайызы "биз каршыбыз насвайга" - деп жооп узатышты. Дагы 21 пайызы «биздин жердештер үй-бүлө багууга киреше таап жатышат» деген. Калган бөлүгү «макул, бизге өкмөт уруксат берсе биз ачыкка чыгалы. Курамына эмне кошулаарын жазып, атайын пакеттерге салалы» - деп айтышты.

5-чакырылышта бул маселе көтөрүлгөндө Баткенден келгендер каршы чыгышкан. «Бизде жумуш жок, балдарыбызды эмне менен багабыз» - деп. 6-чакырылышта болсо Махабат Мавлянова деген депутат айым тыюу салабыз дегенде аябай жаман кылышты. Ар кандай сөздөрдү жазышып, нааразычылыктар болгон. Менин жеке позициям - каршымын. Социалдык нааразылыктар болбосун деп добушка койдук. Депутаттар кандай добуш берсе ошондой чечилет. Азыр эки комитеттен өттү: социалдык комитет жана штафтар боюнча укук тартип комитетинен. Алар чоң-чоң штрафтарды койгонго макул болушту.

- Демек насвай саткандарга таптакыр тыюу салынабы?

- Ооба. Бирок 2 сунуш бар: бир бөлүгү макул, бир бөлүгү болсо жок. "Сатышыбыз керек, бирок курамын ачыкка чыгарыш керек» деген депутаттар да бар. Жогорку Кеңеш коллегиялык орган. Добушка койгондо кайсы сунуш көп добуш алса ошол өтөт. Бул мыйзам долбоору өтүп жатканда адистердин бардыгы келет. Саламаттыкты сактоо министрлигинен, эксперттер жана лабораториядан жана башка тиешелүүлөрдүн баары. Мүмкүн такыр тыюу салынып калат. Эгер тыюу салынса көрсөтпөй жасап контрабанда дагы кылышы мүмкүн. Сатууга уруксат берилип калса курамында эмне бар ачыкка чыгарышат.

Курамы ачыкка чыккан менен эмне өзгөрөт? Баарыбир коркунучтуу болуп жатпайбы? Баягы эле курам, баягы эле тооктун кыгы, тамекинин жалбырагы жана акиташ. Баягы эле ракка алып бара турчу уулу заттар. Аны да «Баткенский ураган» - деп атап алышыптар. Бардык жаштар ошого өтүп баратыптыр. Балдардын башын маң кылат экен, баңги кылат экен. Бул арактан дагы коркунучтуу экен. Насвай адамдын мээсин кургатып, эске тутумун начарлатат. Жаш өспүрүмдөр билип алуусу керек. Эгер бул улана бере турган болсо келечек эмне болот?

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости