www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
22 000 вольттук ток. Мындай электрэнергиясынын кубаттуулугун элестетип көрдүңөрбү? Мисал келтирсек, үйдө, кадимки эле тиричиликте 220 вольт энергияны колдонобуз. Ошого тырмагың тийип кетсе эле жаның чыгып кетет. Айрым учурда ошол кубаттуулуктан эле жан бергендер бар. Ал эми бул жерде кеп 22 000 вольт тууралуу болууда.
Таиланддын Накхонратчасима шаарында 38 жаштагы Малини Верасучарт ушундай кубаттуулуктагы энергияны денесинен өткөрүп, аман калган. Кырсык ал азык-түлүк дүкөнүнөн чыгып бара жатканда болгон. Алчуларын алып, камырабай бара жаткан Малининин үстүнө 22 000 вольтту электр кабели кулап түшкөн. Бул маалда анын жанында бара жаткан дүкөндүн күзөт кызматкерлери дароо Малинини коопсуз жерге ала калышкандары анын өмүрүн сактап калганга мүмкүнчүлүк түздү.
Электроэнергия башкармалыгынын аймактык директору Наттхават Акарарунгруенгкуль күнөөнү толугу менен мойнуна алып, жабырлануучуга компенсация төлөп берүүнү убада кылган. Бирок, жабырлануучу 12 миллион таиланддык бат (орточо 27 миллион 690 миң сом) талап кылгандыгынан улам, аны дароо эмес, бөлүп-бөлүп төлөөгө макул болгон электроэнергия ишканасы. Себеби, ишкананын эсебинде мынчалык чоң өлчөмдөгү сумма жок болуп чыккан. Ал эми Малини Верасучарт бул окуядан бутун гана күйгүзүп алгандыгы айтылат.
Булак: NazarNews.kg