www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Убагында шайлоо босогосун 9 пайыз көтөрүү маселесин колдогондордун көпчүлүгү бүгүн каршы добуш берип, шайлоо босогосун төмөндөтүү керектигин айтып жатышат го?

- Бул коомдун талабы. Туура, убагында биз дагы шайлоо босогосун 9 пайызга көтөрүү маселесин колдогонбуз. Шайлоо жакындаган сайын кайчы пикирлер жаралып, шайтлоо босогосун төмөндөтүү маселеси көтөрүлүп жатат. Эл шайлоодогу чекти 9 пайыздан 3 пайызга түшүрүү керек дей турган болсо, биз анда 3 пайызга төмөндөтүү мыйзамын кабыл алышыбыз керек. Анткени, биз эл өкүлү катары элдин пикирин угуп, элдин каалоосун аткарышыбыз керек.

Мына, кечээ жакында парламентте шайлоо босогосун төмөндөтүү жөнүндө мыйзам долбоору талкууга коюлуп, биздин фракциянын атынан Мирлан Жээнчороев мыйзам долбоорун сунуштады. Анткени, шайлоочу бул - эл. Эл шайлайт, демек, эл чечет. Маселен, эртең эл "парламенттен чыккыла, парламент тарасын" дей турган болсо, биз тарап кетишибиз керек.

- Эл өкүлү катары элдин ишеничин актай алдым деп ойлойсузбу?

- Аны айтуу кыйын. Эл өз баасын берсин, бирок мен колумдан келген аракетимди кылып жатам, Мисалы 30га жакын мыйзам долбоорлорун киргиздим, айылдык бюджетти көтөрүүгө, региондорду өнүктүүгө өз салымымды кошуп келем. Эми эл өз баасын берет деп ойлойм, - дейт депутат Ж.Турускулов "Ачык саясат" гезитине берген маегинде.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости