www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Air Manas 19-январь күнкү каттамдарынын теңин токтотту. Бул тууралуу “Манас” аэропортунун сайтында жарыяланды. 

Эске салсак, 18-январь күнү аталган компаниянын саат 7.55те Бишкек — Ош маршруту менен аткарыла турган каттамы ишке ашкан эмес. Анда компаниянын маалымат кызматы “техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам учпай калганын, бирок көйгөй жоюлуп жатканын” айткан. 

 

Ал эми аэропорттун сайтында аталган авиакомпаниянын бүгүн Бишкектен Ошко саат 7.55 жана 12.00дөгү, ал эми Оштон Бишкекке 9.50 жана 13.50дөгү учуулары токтотулганы көрсөтүлгөн.

Эске сала кетсек, компания келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн өз кардарларынан кечирим сурап, билеттин акчасын кайтарып алса болоорун эскертишкен.

 

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости