www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кышында көк мээлер көбөйүшөт

Окумуштуулар кышкы убакта эмне үчүн мээнин жай иштеп калуу себебин аныкташты. Жаздын баштапкы жана кышкы мезгилинде, жай жана күз айларына караганда биздин мээбиз алда канча жай иштеп калат экен. Буга байланыштуу адамдардагы кем акылдык (слабоумие) оорусу күчөйт. Бул тууралуу “Торонто” университетинин адистери изилдөөнүн жыйынтыгын чыгарган.

Ал изилдөөгө 70 жаштан ашкан 3500дөй АКШдан, Канададан, Франциядан адамдар катышкан.

Мында гормоналдык факторлордун жана витамин Днын жетишпестиги байкалган. Көрсө, мээнин толук кандуу, жакшы иштөөсү үчүн жаркырап тийип турган күн нуру өтө маанилүү экен. Ал эми, кышкы жогорку аба ырайы- мээнин иштөө функциясына терс таасирин тийгизет.

Анын үстүнө биз жайкы жана күзгү учурда витаминдерге бай мөмө-жемиштерди көп жейбиз. Алар биздин мээнин толук кандуу эс алып, жакшы иштөөсүнө жакшы жардам берет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости