www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ийне сая албаган оймок тандайт...

Кечээ, Жогорку Кеңештин жалпы жыйы­нында депутат Рыскелди Момбеков адатта­гыдай куйкум сөздөрү менен Абылгазиевдин өкмөтүн айып пулдар боюнча аракетин ачуу сынга алды. Азыркы өкмөткү эл «түкүрүк өкмөт» деген ылакпка айлантып жатышка­нын айтты. Эл өкүлү андагы айтылган сөзүндө «Азыркы Өкмөткө «түкүрүк» деген ат коюл­ду. Жаңы кодекстерди ишке киргизебиз деп, жаңы жаңжалды баштады. Мен бир да мамле­кеттин түкүрүк үчүн айып салганын көргөн жокмун. Ооба, айыппул болуш керек бирок, айлык пулдан жогору болбош керек. «5000 сом пенсия алган абышкадан насыбайды жерге түшүрдүңүз 5500 төлөңүз десеңиз», ал жерге эмес бетке түкүрөт. Бул теңсиздик, өкмөт бул нерсени карабай каякты карап жүрөт. 35000 сом айлык бергиле анан айып салгыла, 10000 сом пенсия бергиле анан ай­ып салгыла», -деди.

Ал эми жалпы жыйында эл өкүлдөрүнүн көбүөзгөчөөкмөттү жарга такап катуу «бор­кулдап» алышканы менен, «эшкетин тушагын чечкенге да жарабагандай» таасир калтырды. Көпчүлүк убакыттылары Кыргызстанда андан башка маселе калбай калгандан бетер, эртең менен башталган жыйын түштөн кийинки­ге чейин түкүрүк маселесинин айланасында тыгылып олтурушту. Көп сөздөр сүйлөнгөнү менен, жыйынтыгында чечим да, токтом да, жада калса өкмөттүөлөөрчө сындашкандары менен Абылгазиевдин өкмөтүнө баа берген жыйынтыкты да чыгара алышпады. Орто­до жаңы кабыл алынгани Кодекстер боюнча түздөн-түз түшүндүрмө бере турган Өкмөт­түн вице-премьер-министри Жеңиш Раза­ков жыйын ортосуна келгенде Москвага учат элем деп көздөн кайым болду. Кыскасы, сөз көп, жыйынтык жок болду.

Булак: "Айгай пресс"

Последние новости