www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айсберг - өлтүргүч

Гренландиянын чыгыш аймагындагы Иннаарсуит кыштагынын тургундары жээкке жакындап келген зор айсбергдин айынан бөлөк жерге көчүүгө аргасыз. Кыштак кеңешинин мүчөсү Сюзанн Элиассен: "Тоодой болгон музда жарака бар экен. Ал кайсы убакта болбосун кулап түшүп, кыштакты суу басып калышы мүмкүн. Электростанция менен күйүүчү майдын запасы да жээкке өтө жакын жайгашкан. Мунун баары бизди кооптондурууда", - дейт.

Буга чейин эксперттер климаттын өзгөрүшүнөн жана муз катмарынын бузулушунан ири айсбергдер барган сайын жээкте бат-баттан пайда боло берерин эскертип келген. Бул тууралуу бүгүн "Сырдуу дүйнө" гезити жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости