www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
9-ноябрь күнү Мойки дарыясынын жээгинде 60-65 жаштар чамасындагы адам бутуна тура албай, сууда ары-бери чайпалып жүргөн. Жергиликтүү тургундар аны алып чыгуу аракетин көргөнү менен негедир ал колундагы баштыкты сууга чөктүрүүнүн аракетин көргөн.
Кийинчерээк окуя болгон жерге дарыгерлер чакыртылган. Бирок, дарыгерлер менен бирге эле полиция кызматкерлерин чакыртууга туура келген. Себеби, ал адамдын колундагы баштыкта жиликтенген адамдын колу табылган. Ал дароо ошол жерден кармалып, полиция бөлүмүнө жеткирилген. Анын өздүгүн аныктоо оорчулук жараткан эмес. Себеби, өзү тергөө менен кызматташууга макул болгон.
Белгилүү болгондой, кармалган адам бир гана Санкт-Петербург эмес, бүтүндөй Россияга белгилүү француз тарыхын изилдөөчү, Наполеонду кумир туткан, Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин профессору Олег Соколов болуп чыккан. Ал эми ал көтөрүп жүргөн баштыкта анын 24 жаштагы көңүлдөшү, мурдагы студенти Анастасия Ещенконун жиликтенген дене мүчөлөрү экендиги белгилүү болгон.
Екатерина менен Олегден 40 жаш кичүү болгону менен анын көңүлдөшү болчу. Экөө жакында үйлөнөлү деп дагы турган. Бирок, ал иш жүзүнө ашкан жок. Олегдин айтымында Екатерина анын мурдагы аялдарынан калган балдарына начар мамиле жасачу десе, Екатеринанын жакындары кылмышка кызганыч себепкер болгондугун айтышууда. Экөө 3 жылдан бери ысык мамиледе болчу.
Өлтүрүлгөн кыздын агасы Сергей Ещенко каргашалуу 8-ноябрь күнү карындашы ага телефон чалып, Олегдин кызганычынан улам аны менен жашай албай тургандыгын айтып, кийим-кечесин алуу үчүн профессордун үйүнө бара жаткандыгын маалымдаган. Ошондон бери карындашын көргөн эмес. Олег Соколов болсо тергөөдө, Екатерина экөө урушуп кеткендигин айтып, ага 4 ирет ок чыгарган. Андан кийин араа сатып келип, спирт ичимдигин ичип алып Екатеринанын денесин жиликтеп, ар бир бөлүкчөсүн бөлөк-бөлөк чыгарып, Мойки суусуна ташып жаткандыгын айткан.
Ал эми профессордун кесиптештери эки жаатка бөлүнүп турушат. Биринчи тарап болгон окуяга ишене албай турса, экинчи тарап, Соколов буга чейин дагы башка жаш студент кыздарга көз артып жүргөндүгүн билдиришип, начар адам деп сыпатташкан.
Учурда Санкт-Петербургга Екатерина Ещенконун апасы, полициянын подполковниги Галина Ещенко келип, өз алдынча иштин чоо-жайын изилдөөгө аракет кылууда дешет билгендер. Ал эми Соколов январь айына чейин камакта болот. Анын жактоочулары профессор кылмыш учурунда аффект абалында болгон деген жүйөөгө таяна тургандыгы белгилүү болду.
Булак: NazarNews.kg