www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айымдарга ашык болгон жиндер... Эмне кылуу керек?

Жин адам баласына ашык болуп, аны сүйүп, денесине кирүүчү жерлер:

Ажаткана, жуунуучу жай (ванна, баня), уктоочу бөлмө жана күзгү.

Эгер ким болбосун, кийим чечерден мурда «бисмиллях» деп айтпаса, же ажаткананын дубасын айтпастан кирип кетсе, жиндер анын денесин көрүп алат. Мына ошол себептерден жин адамга ашык болуп деле кирип алат. Айрыкча, аялдар күзгүгө сааттап каранып тура бергенде, жин көз тийүү аркылуу же сүйүп калып кирип алат.

Эркектер коомдук мончолордо аврат жерлерин жаап жүрүүсү керек, аялдарга болсо коомдук мончолорго барууга тыюу салынат.

Ашык болуп кирген жиндин белгилери:

• Адам жаман түштөрдү көп көрөт. Түшүндө жакындары менен же башка адамдар менен зынаа (никесиз катнаш) кылышат.

• Дайыма көкүрөгү кысыла берет.

• Турмуш куруу жолдору жабылып калат (үйлөнө албай, же күйөөгө тийбей жүрө берет) же такыр турмуш куруу тууралуу ойлонбой калат.

• Аялдардын чачтары түшөт. Себеби, жин аялга ээлик кылуу үчүн аны адамдарга түрү суук кылып көрсөтүүнү каалайт.

• Ар кандай ооруларга чалдыктырып, аялдарда тукумсуздук ж.б. түшүнүксүз ооруларды пайда кылат.

Булак: Азия News гезити

Последние новости