www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Казакстан социалисттик кыймылынын" теңтөрагасы Айнур Курманов NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде Түркиянын таасирин коркунучтуу деп атап, ошондой эле Анкаранын Борбор Азия чөлкөмүн түрк интеграциясына тартуу аракетин жигердүү деп белгиледи.

"Түрк бизнесинин колоннасында түрк аскерлери, алардын курал-жарактары жана атайын кызматтары бар. Ошондой эле, пантүркисттик идеология. Идеологиядагы исламдык компонент да күчөп баратат. Кандай болгон күндө да, мусулман динчилдери менен ойноо, басмачыларды жана антисоветтик көтөрүлүштөрдүн руханий лидерлерин реабилитациялоо демилгелери ачык эле көрүнүп турат. Ошол эле өңүттө, Вермахттын Түркстан легионунун мүчөлөрүн жана ССтин мусулман бөлүктөрүн реабилитациялоо каалоосун эске алуу керек", - деп ишенет адис.

Анын пикиринде, коркунуч башкаруучу элитанын батышчыл бөлүгүнөн да болушу мүмкүн. Алар дүйнөдөгү өзгөргөн геосаясий кырдаалды кабыл алгылары келбейт. Алардын Борбор Азия өлкөлөрүнүн көп векторлуу саясатын сактап калуу, ал тургай батышчыл багытты бекемдөө ниеттери бар. 

"Бул Казакстан менен Өзбекстанда аскердик биологиялык лабораторияларды жайгаштыруусуна, Казакстандагы Пентагондун жана НАТОнун окуу борборлорунун жүргүзүп жаткан иштерине да тиешелүү. Демек, башкаруучу элитанын батышчыл бөлүгү коркунуч жаратат. Американын, Британиянын же Түркиянын атайын кызматтарынын колдоосу менен Казакстанда жаңы тополоңдорду уюштуруп, этникалык жаңжалдарды жаратып, аймактагы кырдаалды туруксуздаштырууга аракет кылышы мүмкүн. Бейөкмөт уюмдар өздөрүнүн идеологиясынын негизги бөлүгү болуп калган орусофобияны болгон аракети менен жайылтышууда. Казакстан Республикасынын түштүгүндөгү дунгандардын жана уйгурлардын баш аламандыктары биздин эсибизде. Алар кайталанышы мүмкүн, бул Казакстанды да, бүтүндөй регионду дестабилдештирүүгө алып келиши мүмкүн", - деп белгиледи адис.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости