www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Ак-Шумкар” жандана баштады... Келечеги кандай болот?

Быйылкы жыл Кыргыз эли үчүн жаркын келечекти тандай турган жыл. Тагыраагы, 2020-жылы өлкөдө парламенттик шайлоо өтөөрү маалым. Шайлоо жакындаган сайын саясий күчтөр жандана баштады. Буга улай кечээ жакында "Ак Шумкар" саясий партиясы шайлоого катышаарын билдирип, партиянын саясий кеңешин өткөрдү.

Партия лидери Темир Сариев шайлоого карата активдүүлүгүн көрсөтүп, Чүй облусунун активдери менен байма-бай жолугушууларды уюштуруп жаткан чагы. Мындан тышкары республика боюнча да партия мүчөлөрү активдешүүдө. Албетте, алдыдагы саясий күрөштө "Ак-Шумкар" партиясы канатын катуу кагаары талашсыз. Кыргызда "ак шумкар канатын жөн какпайт, какса катуу кагат" деген сөз бар эмеспи.

Анын сыңарындай партия лидери Темир Сариевдин бул жолку саясий күрөштө озуп чыгуу дарамети күч. Анын үстүнө учурда карапайым калктын көзү ачылып, акча менен, бийлик менен келгендерден иренжип тургандарын кайда катабыз. Андыктан бүгүнкү күндө кыргыз эли темирдей бекем тартипти орното алган, иш билги, реформаторлорго муктаж болуп турат.

Бул жагынан алганда Темир Сариев төгөрөгү төп келген, дасыккан саясатчы. Демек, карапайым калк өлкөнүн келечеги үчүн, татыктуу партияларга ыктаары толук мүмкүн. Бул шайлоо акча менен акылдын талашы болот. Ар-бирибиз өз тагдырыбызды жаза баспай, татыктуу тандап алалы...

Булак: “Факты.kg”

Последние новости