www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Франция, Монголия жана Англия өз атуулдарын Кытайдан алып кете тургандарын жарыялашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматта, Франциянын саламаттык сактоо министри Агнес Бузин, Кытайда жаңы түрдөгү коронавирус оорусу жайылган Ухань шаарында жүргөн француз жарандарын өлкөгө учак менен алып кете тургандарын билдирди.

Бузин, жарыясында премьер-министр Эдуард Филиппенин талабы боюнча жана кытайлык тийиштүү кызматкерлердин бекитүүсү менен атуулдардын Ухандан аптанын ичинде өлкөгө кете турганын жана 14 күн бою белгилүү бир жерде саламаттык сактоо топторунун көзөмөлүндө боло турганын айтты.

АКШ, Испания жана Жапония дагы атуулдарын чыгарып кете тургандарын жарыялады.

Англиянын тышкы иштер министрлигинин жарыясында оор саякат чектөөлөрү менен консулдук же медициналык жардамга жетүү жагынан кыйынчылык тартууларга көңүл бурулуп, Англиянын атуулдарынын аймакты таштап кетүүлөрүнүн камсыздалууга аракет кылынганы маалымдалды.

Монголия болсо жаңы түрдөгү коронавирустун себебинен Кытай менен ортосундагы чек ара капкасын жапкан.

Монголиянын Министрлер кеңеши вирустун жайылуусуна бөгөт болуш үчүн жана Кытай менен чек ара капкасында коопсуздук чара көрүүлөрүнүн арттылышы үчүн чек ара өтмөгүнүн жөө же унаа каттамдарына жабылуу чечимин чыгарды.

Вирус пайда болгон Кытайдын Ухань шаарында билим алган  монголиялык 31 студенттин да өлкөгө алынып келе турганы айтылды.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости