www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
24-январда Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө президент Сооронбай Жээнбеков Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов менен Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага кайрылып: «Силерге коррупционерди кармап беришти, силер болсо аны коё бердиңер, бул чуулгандуу иш. Эмне деген мамиле?
Аны кармоо боюнча бир нече ай коррупцияга каршы иш-чара жүргүзгөнбүз. Аны бошотуу боюнча чечим чыгарган судьяларга эмне үчүн чара колдонбой жатасыңар? Буга жол берген прокурорду эмнеге жумуштан алган жоксуңар? Сот эмне үчүн иштеп жатат?», - деп сурады президент. Ошондой эле президент прокурордун артында кимдир-бирөө турарын болжолдоп: «Эмне үчүн тартип комиссиясы судьянын күнөөсү 100% көрүнүп турса дагы ага карата чара көрбөйт?
Эч нерсе болбогондой. А силер былтыйып отурасыңар. Мындан элдин бийликке болгон ишеними көз каранды! Бул эмне деген акмакчылык?», - деди. Өлкө башчы белгилегендей, ал эл алдында сүйлөгөндө бир нече жолу бул маселени көтөрүп, башкы прокурор менен Жогорку соттун төрайымын жемелеген. «Бул эл тарабынан берилген мамлекеттик кызмат. Силер кармалган коррупционерди соттогон жоксуңар. Силер кантип коррупция менен күрөшөсүңөр?
Жарандык коом нааразы, ал эми силер отурасыңар», - деди Жээнбеков. Президенттин бул кеңешмеде сүйлөп, сот, прокурордун кулагына күмүш сырга катары айтканына деле 3-4 күн өттү. Бирок, тийиштүү тараптардын майнаптуу аракеттери али деле билине элек. Ажобуз айткандай, алардын артында чоң күчтөр тургандыгы чын болсо, аңда алардын аз күндө алгылыктуу иштерге багыт алып, коррупция менен күрөшүүдө жыйынтык чыгараары арсар.
Анда Президент кандай аракетке барышы мүмкүн? Чырмалышкан мындай жетекчилерден кутулуу гана калат. Ишке ашабы? Албетте, алардын артындагы чоң күчтөр коомдо боолгонуп жаткандай ажо тараптан эмес экени анык болгон соң, анда ажо кимди аяп, эмнеге калкалап турушу керек эле?
Булак: “Факты.kg”