www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Академик Сабырбек Жумабеков Кытайда чоң кызматка дайындалды

Улуттук илимдер академиясынын академиги, Бишкек шаарындагы травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков январь айынын башында Кытай Эл Республикасында болуп келди.

Анда ал Россия илимдер академиясынын академиги Николай Загородный менен Кытайдын бир катар медициналык мекеме жайларында болуп, лекция окушкан. Андан сырткары, Шанхай, Нанин, Фанченган жана Пекин шаарыларындагы ири медициналык борборлорунда травматология жана ортопедия боюнча консультацияларды берип, тажрыйбалары менен бөлүшкөн. Ал эми Фанченган калаасында Сабырбек Жумабеков тизе мууну боюнча мастер класс өтүп, алкышка татыды.

Ошондой эле Фанченган мэри Сабырбек Жумабековду медициналык өнүгүү боюнча өзүнүн кеңешчиси кылып дайындаса, шаардын элдик өкмөтү аны №1 шаардык бейтапкананын травматология жана ортопедия багыты боюнча башкы адис кылып бекитишти.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости