www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыш мезгилинде Жалал-Абад шаарындагы башпаанеги жок жарандарга кам көрүү аракеттери уланууда.  Бул багытта калаа мэриясынын алдындагы “Кайрымдуулук борбору” тарабынан уюштурулган түнөк үйү иш алып барууда. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, имаратта эркектер менен аялдарга өзүнчө бөлмөлөр каралган. Азыры учурда аталган жайга күн сайын 10дон 15ке чейин киши түнөк алууда. Алардын басымдуу бөлүгү турмуш шарты оор жана спирттик ичимдиктерге көз каранды жарандар. Кайрылгандардын ыңгайлуулугу үчүн керекбеттер менен жууркандар камсыз кылынган. Мындан тышкары ысык тамак берилип, мончо уюштурулат. Бөлүнгөн кызматкерлер тарабынан алардын ден соолугу  жана гигиеналык тазалыктары боюнча да иш алып барылууда.  

Эске салсак, Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бийлиги белгилүү бир жашаган жери жок жарандарга түнөк үйүн 2013-жылдан тарта уюштуруп келет. Ал эми 2019-2020-жылдагы кыш мезгилине карата жалпы 166 миң акча каражаты бөлүнгөн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости