www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дарыгерлер төрөттү үйдөн кабыл алышты

Тез жардам медициналык борборунун дарыгерлери төрөттү үйдөн кабыл алышты. Бул тууралуу жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Егорь Борисов жергиликтүү маалымат булактардын бирине билдирди.

Анын айтымында үйдөгү төрөт сейрек кездешүүчү нерсе эмес. Бир жылда мындай төрөттүболжол менен  150-170 төрөттү кабыл алышат.

“Бирок бул учурда эгиз төрөлдү. Мындай учурлар сейрек кездешет. Коңгуроо эртең менен түштү, аялдын толгоосу башталган. Даарыгерлер дарекке келгенде анын төрөтү башталды. Төрөттү үйдөн кабыл алууну чечишти. Ооруканага баруу кеч болуп калды”,-дейт Егорь Борисов.

Эки эркек бала төрөлдү. Биринчиси-2 килограмм, экинчиси-2,5 килограмм. Экөөнүн тең абалы канаатандырарлык. Жаңы төрөлгөн ымыркайлар менен энеси Шаардык перинаталдык борборго жеркирилди. Аялдын бул экинчи төрөтү. Анын дагы бир баласы бар.

Будак: NazarNews.kg

Последние новости